Ушул жылдын 13-июль күнү белгисиз адамдар күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алган жаранга карата чара көрүү боюнча милиция кызматкерлерине арыз түшкөн. Ленин райондук ИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам издөө иш аракеттеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары борбор шаарыбыздын 31 жаштагы тургуну О.У. аттуу кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ