Эки мопед минген төрт кылмышкер жол тыгында турган “Порше” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун тоноп кетишти. Бул туурасында Daily Mail билдирет.
Басылманын билдиргенине караганда, кылмыш 6-июль күнү Лондондо болгон. Видеодо көрүнүп тургандай, эки кылмышкер мопед менен унаага жакын келип, алардын бири бычак менен айдоочуну коркутат. Ал учурда дагы эки бейтааныш кылмышкерлер келди, андан соң айдоочу баалуу нерселердин баарын аларга берип, төртөө кылмыш ордунан качып кетишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ