“Бир Бол” партиясынан талапкер болгон Нурсултан Кубанов Бишкек шаардык мэринин билим берүү тармагындагы коомдук кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-ноябрда өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.
“Урматтуу достор, пикирлештер! Бишкек шаарынын мэринин билим берүү тармагындагы коомдук кеңешчиси болуп дайындалганым чын. Буюрса иш жүзүндө билим берүү тармагында жакшы аракеттерди кылабыз.
Силерге маалымат берип турам. Көп сөз жазбай, иш менен алектенели. Балбак Зарлыкович менен иштешкениме сыймыктанам, өзүм дагы көп нерсе үйрөнөм деген ишеничтемин.
Мектептердин билим берүү сапатын жакшы деңгээлге чыгаруу боюнча сунушуңар болсо, ачыкмын“, – деди Нурсултан Кубанов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ