Menu

Төртөөнүн ордуна эки саясатчы

Бөлүшүү:

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев жекшемби күнү Жалал-Абад шаарындагы жолугушууда башка бир талапкер Өмүрбек Бабанов менен бириккенин жарыялаган. Ал экөөнүн көз карашында көптөгөн окшоштуктар бар экенин айткан менен, эки талапкердин  биригүүсү кандайча жүрө турганы жана ага башка оппозициялык күчтөр кошулушу мүмкүнбү деген суроолор азырынча жоопсуз турат.

Буга чейин талапкерлер Төрөбаев, Бабанов, Мадумаров жана Сариевдин ортосунда биригип,  бирдиктүү талапкерге токтолуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган эле. Бирок Бакыт Төрөбаев Бабанов менен бириккен тандем тууралуу гана жарыялаган болчу: “Бабанов-Төрөбаев саясий тандемине макул экенимди расмий түрдө билдирем. Биздин Конституцияны өзгөртүү жана референдум өткөрүү боюнча саясий программаларыбыз окшош. Эң негизгиси биз  реформалар жасалышын, кадрдык саясатта, сот тутумунда жана элдин өзүндө өзгөрүү болуусун тилейбиз. Учурда коррупция күндөн-күнгө өсүп, кадр саясатында башаламандык болууда.  Булардын баарына менин ичим ачышып жатат. Биздин Кыргызстаныбыз баткакка батып баратат. Биздин максаттарыбыз көп жагынан окшош жана жакын экен”. Бабанов программасында премьер-министрлик кызматты жоюп, аткаруу бийлигинин башында президент турган башкаруу системасын колдой турганын айткан. Эми болсо ал президент болуп калса, анын парламенттеги фракциясы Төрөбаевди премьер-министрлик кызматка сунуштарын жарыялады.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: