Menu

Түркиядагы кыргыз студенттер жана эмгек мигранттары Чубак ажы Жалиловго: “Сиздин жеке кызыкчылыгыңыздын айынан биз ыңгайсыз абалда калдык”

Бөлүшүү:

Түркияда окуп жаткан студенттер жана анда иштеп жатышкан эмгек мигранттары Чубак ажы Жалиловго анын АКШда Фетхуллах Гүлен менен жолугушуусуна тынчсызданып кайрылуу жасашты. Аны оңдобой беребиз:

Урматтуу Чубак Жалилов.

Биз Түркия мамлекетинде билим алып жаткан жүздөгөн студенттер жана миңдеген мигранттар сизге кайрылабыз. Учурда Түркия мамлекетинде акысыз билим алуу программаларынын алкагында келген миңдеген бакалавр, магистратура жана докторантура даражасындагы студенттер билим алышат. Андан тышкары, эмгек мигранты болуп келип, түрдүү жумуштарда иштеп жаткан Кыргызстан жарандарынын саны миңдеп саналат.

Сиздин Түркия мамлекети тарабынан террорчу деп таанылган Фетхуллах Гуленге жолугууңуз жана аны коомчулукка жар салуууңуз массалык маалымат каражаттарында кенен чагылдырылууда. Эки өлкөнүн мамилелерине кедерги тийгизе турган бул кадамыңыз миңдеген мекендештериңиздин тагдырын ар кандай багытка өзгөртүүгө себеп болуп калышы мүмкүн экендигин терең тынчсыздануу менен билдиребиз.

Түркияда жашап жаткан жана өлкөдөгү элдин баалуулуктарын жана саясий көз караштарын билген жаштар катары Түркиядагы элдин саясий тандоосун сыйлайбыз жана ФЕТО террордук тобун айыптайбыз. Ал эми террорчулардын башында турган Фетхуллах Гүлен менен жолугушуунуздун кесепетинен бизге болгон Түркия элинин мамилеси кандай өзгөрөөрүн жүрөгүбүз менен туюп турабыз. Аскердик төңкөрүш аракеттеринин айынан камакта жаткан түркиялыктарды эмес, алгач мына ушул Түркияда окуп, иштеп жүргөн миңдеген Кыргызстандык мекендештериңизди ойлонуңуз. Сиздин жеке амбицияңыз жана кызыкчылыгыңыздын айынан Түркиядагы кыргыз жарандары ыңгайсыз абалда. Сизди эл адамы катары сыйлайбыз жана мекендештериңизге залакасын тийгизген мындай кадамдан артка кайтууга чакырабыз.”

Эрлан Баянов, Кубангазы Бугубаев, Алишер Имамов, Иманбек Азизилла уулу, Дастан Разак уулу, Мырзахит Мырзаев, Автандил Таалайбек уулу, Чолпонай Кабылбек кызы, Самара Ботобекова, Жайнагул Жолдошбек кызы, Алмаз Кабылбек уулу, Санжарбек Тажибаев, Кылыч Ысманов, Назир Мамадаменов, Эльнура Баймырзаева, Асилбек Абдуганиев, Нурсултан Сапарали уулу, Малика Исмонжонова, Айдай Нуранова, Жолдошбаева Роза, Гиза Маматкулова, Манас Максутов, Эрболот Касымов, Алтынбек Манасов, Назир Мамадаменов, Манас Максутов, Руслан Акимканов, Азамат Абылгазы, Элнура Рысалиева, Эшимбет Маматов, Алмамбет Маматов, Азиза Эргеш, Анара Амираева, Нурзада Дуйшеева, Кутбидин Келдибеков, Бекболот Муратали уулу, Нургул Аманова, Урустам Ысманов, Бекназар Аманиллаев, Миргүл Кожокматова, Умид Хаким уулу, Наргиза Заир кызы, Рима Масирова, Алтынай Байсеркеева, Дастан Беков, Тойчубек Акматали уулу, Түгөл Нурмаматов, Аралбек уулу Тунгуч жана башка ысымын ачыктагысы келбеген 198 студент жана эмгек мигранты.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: