France-Presse агенттиги кабарлагандай, Интерпол БТА банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязовдун ысымын эл аралык издөөгө алынгандардын тезмесинен алып салды.
Маалыматтарга караганда, Аблязовду кармоого жана экстрадициялоого жол берген кызыл белги алынып салынган.
7-июнда Алматы соту Казакстандык оппозициячыл саясатчы, БТА банкынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Мухтар Аблязовду 20 жылга сыртынан кесүү жана мүлкүн мамлекетке чегерүү боюнча чечим чыгарган.Сот өкүмүнө ылайык, Аблязовго үч жыл банк иштери менен алектенүүгө тыюу салынып, 2100 доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилген.
Аблязовго карата БТА банктын каражаттарын уурдоо боюнча кылмыш иши 2009-жылы, аталган каржы институту улутташтырылган соң башталган. Ага Интерполдун линиясы аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Мурдагы банкирге Орусия да издөө салып, Москванын суроо-талабынын негизинде Аблязов 2013-жылы Францияда камакка алынган болчу. Ал француз абагынан былтыр 9-декабрда бошотулган. Мунун алдында Франциянын эң жогорку соттук инстанциясы Аблязовду Орусияга экстрадициялоо боюнча чечимди жокко чыгарган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ