Киевде бир жыл мурун өлтүрүлгөн журналист Певел Шереметтин элесине арналган акция өтүүдө. Ага Шереметтин достору, кесиптештери катышып, журналисттин унаасы жарылган көчөнүн кесилишине гүл коюшууда. Жолдун четинде “Павелди ким өлтүргөн?” деген баннер орнотулган.
Аза күтүү иш-чарасынан кийин акция катышуучулары Украинанын Коопсуздук кызматы, президенттин администрациясы жана ИИМ имаратын көздөй жөө жүрүш жасашып, кесиптешинин өлүмүн иликтөөнү талап кылышат.
Журналисттерди коргоо комитети Шереметтин өлүмүнүн иликтенишин сынга алган. Эл аралык уюмдун баяндамасында Украинада иликтөө боюнча бир жылда жылыш болбогону белгиленген.
Украина бийлиги журналисттин өлтүрүлүшүнө Орусиянын катышы болушу мүмкүн деп эсептейт. Орусия болсо Шереметтин коопсуздугун камсыздай албаганы үчүн Киевге доомарт арткан.
Павел Шеремет өткөн жылдын 20-июлда машинасына коюлган бомбанын жарылышынан мерт болгон. Теги беларус Шеремет орусиялык жана украиналык маалымат каражаттарында эмгектенип келген. 2008-жылга чейин он жыл бою Орусиянын биринчи каналында “Время” берүүсүнүн алып баруучусу болуп иштеген. Ал Орусиянын коомдук телеканалынан 2014-жылы Москва Крымды Украинадан тартып алгандан кийин кеткен. Шеремет Кремлдин пропагандасынан айырмаланган көз карашты карманган журналисттерге ачык эле чабуул жасалып жатканын айткан болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ