Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда сот Айбек Эрнис уулу күбөлөрдөн көрсөтмө алуудан баш тартты. Баш тартуусунун себебин Айбек Эрнис уулу “баары Текебаевди актап жатат” деп түшүндүрдү. Мындан улам тарыхта жок чечим кабыл алган Айбек Эрнис уулуна бүгүн катары менен эки жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Жалпысынан сот процесси башталгандан бери судья Эрнис Айбек уулуна 11 жолу ишенбөөчүлүк жарыяланган.
Бүгүнкү сот процессинде Текебаевдин судьянын дарегине карата ачуу сөзүнөн кийин Эрнис Айбек уулу ордунан шак туруп, тез сыртка чыгып кетти. Кайтып келгенден кийин “Текебаевдин сөзүнөн кийин өзүмдү жаман сезип кетип, сыртка чыгып кеттим”, деп түшүндүрдү.
Булак: “September TV“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ