Кечээ, 21-июлдун кечинде Бишкектин Шабдан Баатыр көчөсүндө “Байбол” этно-рестораны ачылды. “Байбол” рестораны кыргыздын көчмөн материалдык маданиятынын үлгүсүндө жасалгаланып, кыргыз чеберлеринин көздүн жоосун алган мыкты чыгармалары менен меймандарга эстетикалык ыракат тартуулайт.
Ресторанды “Байбол трэвел” компаниясы ачкан. Буга чейин компания Таласта да дал ушундай эле этно-ресторан, комплекс ачып, экотуризмди өнүктүрүп, чет элдик туристтерди тартып келгени менен белгилүү.
https://youtu.be/aR8GRq8Qgg8
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео Авланбек Жумабаевдики
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ