Бүгүн, 23-июлда Tazabek агенттиги билдиргендей, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын арасындагы ири жер ээлөөчүлөрдүн катарына Нурлан Макеев, Бакыт Сыдыков жана Иса Өмүркуловдор киришет. Агенттиктин адистери Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматтарына таянып, алардын декларацияларында көрсөтүлгөн жер участокторун тактап чыгышкан.
Депутат Нурланбек Макеевдин 274,3 гектар жер аянты бар.
Депутат Бакыт Сыдыковдун жеке менчик 24,25 гектар жери бар. Андан сырткары жакын тууганына таандык 4,05 гектар жери да катталган.
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун 24,7 гектар жер аянты бар.
Алмаз Атамбаевдин мурунку жардамчысы, азыркы КСДПчы депутат Данияр Аттокуров 64,5 гектар жерге ээлик кылат.
Булак: Tazabek
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ