Республика аймагында жүрүп жаткан рейддердин алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2017-жылдын 23-июлунда Балыкчы шаарындагы Манас кѳчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн жанынан, мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси менен соттолгон Нарын шаарынын тургуну 44 жаштагы К.Т. кармалып, жанынан 840 гр. марихуана алынган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Ошондой эле Түп райондук милициясы тарабынан 21-июлда Кудургу айылындагы дүкөндөрдүн жанынан Каракол-Бишкек каттамындагы “Мерседес-Спринтер” автоунаасында жүргүнчү болуп бара жаткан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 21 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну кармалып, кароо учурунда, рюкзагынан 200 гр. кара-куурай табылган. Жалпысынан 1 кг. 40 гр. салмактагы баңгизаты алынган.
Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 246-беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иштери козголуп, азыркы убакта бул кылмыштарга тиешеси болгон башка кишилерди аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ