БШКнын маалыматы боюнча, президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 38ге жетти. Талапкерликке арыз бергендердин 30у өзүн-өзү көрсөтсө, 8и саясий партиялардан сунушталган. 38 талапкердин 31и жогорку билимге ээ болсо, 2 талапкер орто билимге, 2 талапкер толук эмес жогорку билимге ээ. Ал эми 3 талапкердин билим деңгээли боюнча азырынча так маалымат жок. Ал эми 38 талапкердин 15и юрист кесибине ээ болсо, 11 экономист деген дипломго ээ. Ал эми 3 талапкер медик, журналист, архитектор кесибинин ээлери болсо, бир талапкер Ат-Башы районундагы №32 ПТУну гана аяктаган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ