«Айылдык кеңештин депутаттарына жогорку билим керекпи же кереги жокпу?» деген суроого Талас облусундагы Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Максат Жанчыкулов жооп берген.
Анын айтымында, анын жогорку билимдүү болгонуна 3-4 гана жыл болгон. Жогорку билим алып, бир кесиптин ээси (инженер) болгону менен жогорку билими жок менен бардын айырмасын көрө алган эмес. «Негизи айылдык кеңештин депутаттарына жогорку билимдин кереги жок. Себеби, жогорку билимдүүлөр айылда аз, бул бир. Экинчиден, жогорку билимдүүлөр мектепте мугалим же кайсы бир мамлекеттик мекемеде медсестра болуп иштейт. Мамлекеттик кызматкер депутат болуп келип, иштей баштаганда аны жогорку жактагылар “кысат”, мисалы, аким дегендей, муну практикамдан билем»,-дейт М.Жанчыкулов.
Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин депутаты эмне иш кылуу керектигин түшүрдүргөн. Аны төмөндөгү тасмадан көрүңүз:
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештеги сессияда жогорку билимдин кереги барбы же жокпу деген маселе көтөрүлүп, депутаттар арасында кызуу талкууланган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ