Бүгүн, 30-октябрда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо Свердлов райондук сотунда уланат. Анда айыпталуучулардын арасынан биринчилерден болуп экс-премьер-министр Сапар Исаков сурак берет. Ал 28-октябрдагы кезектеги сот отурумуна келүүдөн баш тартып, каршылык көрсөткөндүгүнө байланыштуу күч колдонуу менен сотко мажбурлап жеткирилген.
Эске сала кетсек, 2018-жылы ЖЭБде авария болуп, териштирүү жүрүп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция аныкталып, бир топ адамга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Биримкулов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ