Menu

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тил сынагынан 94,6 балл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн планына ылайык саат 13:30да талапкер Жээнбеков Сооронбай Шарипович сынакка кирген. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалыматкызматы билдирди.

“Лексика-грамматика, жазуу”, “Аудирлөө”, “Окуу” жана “Сүйлөө” субтесттерин ийгиликтүү тапшырган  сынактын жыйынтыгында талапкер С.Жээнбеков жалпы 94,6 балл алды.

Бүгүн 4-августта биринчи болуп сынак тапшырган талапкер Джунусов Руслан Эшимбекович жыйынтыгында 46,1 балл алып, талапка ылайык балл топтой албагандыгына байланыштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты эмес, канча балл топтой алгандыгын билдирген маалым кат гана берилмекчи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: