Menu

Теракт дүйнөнү убайымга салууда…

Бөлүшүү:

2017-жылдагы ири теракттар

Теракт, согуш жана кол салуу жөнүндө сөз болгондо, биринчи Сирия мамлекети көз алдыга элестейт. Бекеринен Сирия жаңжалы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки адамзат башынан өткөргөн эң чоң алаамат деп айтылып жаткан жери жок. Мындай билдирүүнү Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн 14-мартта жасаган баяндамасында айткан. Сириядагы жарандык согушка быйыл туура алты жыл толду. 2011-жылдын март айында “Араб жазынын” шарданы менен башталган бийликке каршы акциялар ири жаңжалга айланып, жарандык согуштун тутанышына түрткү болду. 14-мартта жасаган билдирүүсүндө Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн Сириядагы согушту Экинчи дүйнөлүк согуштан берки адамзат башына түшкөн эң чоң алаамат деп айтты. Сансыз адамдар себепсиз кармалып, кыйноолорго дуушар болушканын, айрымдары уурдалган бойдон дайынсыз жоголушканын кошумчалады. Улуттар уюму шейшембиде Сириядагы согуштун алты жылдыгына карата атайын комиссиянын иликтөөсүн жарыялады. Баяндамада өткөн жылдын соңунда Сирияда бир нече аскерий кылмышка барабар чабуулдар катталганы жазылган. Анда 2016-жылдын декабрь айында Сириянын өкмөттүк авиациясы баш калаа Дамасктын суу менен камсыздоочу жайларын бомбалап, беш жарым миллиондой адамды суусуз калтырганы белгиленген.

Теракт дүйнөнү убайымга салууда

• 21-январда Пакистандын Ооганстан менен чегине жакын жайгашкан Парачинарды негизинен шииттер байырлайт. Мындан мурда 21-январдагы жардыруудан 21 киши өлүп, ондогону жарадар болушкан. Анда буга жоопкерчиликти бир топ суннит жоочулары алышкан. Парачинар шаарында 31-мартта дагы жардыруу болуп, мерт кеткендер 22ге жеткен. Ондогон адамдар жаракат алышкан. Өкмөттүн өкүлү Захид Хуссейндин айтышынча, бомба 31-мартта базардагы шииттердин мечитинин жанында жарылган.

• Сомалинин байыркы шаары Могадишодогу мейманканага жасалган бомба чабуулунан 30дан ашуун киши курман болду. Өлгөндөрдүн ичинде Сомали парламентинин алты депутаты да бар. Исламчыл “Ас-Сабааб” экстремисттик тобу жардыруу жоопкерчилигин өзүнө алды. Расмий маалыматка караганда, жанкечти Сомали армиясынын формасын кийип алган экен. Ас-Шабааб” өткөн айда Уганданын борбору Кампалада эки бомба жардырып, 70тен ашуун адамдын каны төгүлгөн. Радикалчыл уюмдун маалымдашынча, бомба чабуулу Уганданын өз территориясына Африка союзунун күчтөрүн жайгаштыруусуна жооп иретте уюштурулган. А даватчыларга каршы согушта Сомалинин батышчьш өкмөтүнө Африка союзунун 6 миң аскери көмөктөшүүдө. “Ас-Шабааб” радикалдык тобунун “Аль-Каида” менен байланышы бар экени айтылып келет. Бул теракттын кесепети 39 адамдын өмүрүн алып, 50дөйүн жабыр тарттырган.
• 22-мартта Лондондун борборундагы Вестминстер көпүрөсүндө жөө бараткан кишилерди машинасы менен сүзүп, кийин нөөмөттө турган полициячыны бычактаган шектүү адамдын колунан жарадар болгондордун саны 40тан ашып, беш адам каза болгон. 22-майда болсо Манчестер шаарынын стадионунда эл концерттен тарап жатканда жанкечти өзүн жардырып, 22 киши каза таап, 60тан ашуун адам жаракат алган.

• 9-апрелде Египеттин Танда жана Александрия шаарларындагы эки чиркөөдө жардыруу болду. Биринчиси Танда шаарында болуп, чиркөөнүн ичине кирген жанкечти- террорист өзүн жардырган. Анын кесепетинен 25тен ашык адам каза болуп, 50дөн ашык адам жабыркаган. Ал эми Александрия шаарындагы чиркөөдө да ушундай эле окуя катталып, жардыруу 11 адамдын өмүрүн алган. Эки чиркөөгө болгон кол салууну “Ислам мамлекети” террордук тобу кылганын жарыялаган.

• 15-апрелдеСириянын Алеппо шаарында Фуа жана Кефрая райондорунан эвакуацияланган адамдарды ташып бараткан автобус жардырылганын өлкөнүн мамлекеттик ЖМКларына таянуу менен жазып чыкты. Маалыматка ылайык, жардыруудан кеминде 70 киши каза болуп, 130дан ашуун адам жаракат алган. Аны автобустагы жан кечтинин ишке ашырганы белгилүү болду. Буга чейин Сирия өкмөтү согушкерлер менен аталган эки райондун жашоочуларын аймактан чыгарып кетүү боюнча макулдашкан. Жардырууга чейин беш миңге чукул адам эвакуацияланган болчу.

• 31-майдаАфганистанда президенттик имараттан жана элчиликтин имаратынан анча алыс эмес жерден жардыруу жасалган. Бул жардыруудан 90 адам каза таап, 380 адам жараат алган.

• Үстүбүздөгү июль айында, тагыраагы 24-июлда жанкечти өзүн Афганистандын экинчи вице-премьеринин үйүнүн жанында жардырып жиберген. Полициянын маалыматына караганда, бул жардыруудан жабыркагандар болушу мүмкүн дешүүдө. Ал эми “Tolo News” телеканалынын маалыматына караганда, жардыруу таңда Кабулдун алтынчы полициялык районунда жаңырган,Окуя болгон аймакта Афганистандын аткаруу бийлигинин жетекчисинин экинчи орун басары Мохаммад Мохакик жашаган.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: