Президент Алмазбек Атамбаев Кабул шаарында жасалган террористтик акттын кесепетинен көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты. Бул туурасында Президенттин расмий сайты жарыялады.
“Кабул шаарындагы террористтик акттын кесепетинен көп адамдардын каза тапкандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз.
“Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө кайрат айтып, терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жана жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду Сизден өтүнөм”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ