Menu

Алмаз Атамбаев ага оңтойсуз суроо берген журналистти кагып-силкип, сүйлөтпөй койду

Бөлүшүү:

24-июлда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны болуп өттү.

SUPER.KG порталынын журналисти Автандил Добулбеков өлкө жетекчисине “2012-жылдын 7-апрелинде Бишкекте Аксы жана Апрель окуяларында каза тапкандарга арналып эстелик ачылган. Ошол иш-чарада сиз “Кыргызстандын бийлиги элдин ишенимине таянганда гана күчтүү болорун унутпасын” дегенсиз. Бирок акыркы күндөрү элге карата көбүрөөк нааразычылык, сын айтып, башка мамлекеттерге, сырттагы лидерлерге көбүрөөк ыраазычылык билдирчү болдуңуз…”, – деп суроонун аягына чыга электе президент аны токтотту.

Алмазбек Атамбаев “мен элге качан нааразычылык билдирдим, дароо мисал келтирсең” деди.

Журналист “Казакстандагы ЭКСПО тууралуу айтып жатып, “мен Казакстан ЭКСПОго жумшагандай акча жумшасам, мени тытып жеп коюшмак дегенсиз” деп улантты.

Мындан кийин президент: “Токтой туруңуз, мен анда элди эмес, айрым саясатчыларды айткам. Көзүмө карап туруп, калп айтып жатасыз. Эгерде ошончо каражат жумшасам, айрым саясатчылар жана ЖМКлар митинг кылышпайт беле? Мен сөздөрүмдү бурмалашканын, жалган сөздү жактырбайм. Эч качан калп айткан эмесмин дебейм. Дайыма бир принципти карманып, жубайыма айтып келгем “адам, өзгөчө эркек, аялына гана жалган айта алат” деп. Бул жерде Атамбаев өз эли тууралуу жаман сөз айтып, башка өлкө жетекчилерин мактады деди. Жаш жигит экенсиз, уят эмеспи. Кемчилик кимде болот эле, элде эмес, бийликте болот”, – деди.

Журналист “суроомду аягына чейин берип алсам…” деди эле президент “сөзүмдү бурмалап жатасың, эл ойлоп калат Атамбаев элди жамандап жатыптыр деп” деген жооп кайтарды.

Андан ары журналист суроосунун аяк жагын узатты: “Ошондо кемчилик кимде болуп жатат? Бийликтеби? Же элдеби?”“Кемчилик кимде болот эле, элде эмес, бийликте болот. Билип жүр!” – деди Алмазбек Атамбаев.

Булак: Супер

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: