Menu

Айдаркен сымап комбинаты качан кайра иштей баштайт?

Бөлүшүү:

Кадамжай районунда жайгашкан атактуу Айдаркен сымап комбинаты кайрадан иштей баштайт. Бул жөнүндө аталган ишкананын жетекчиси Толубай Салиев сүйүнчүлөдү.

– Айдаркен сымап комбинаты акыркы эки жыл аралыгында инвестордун жоктугунан таптакыр иштебей турган. Себеби, ишкананын шахтасын 2009-жылы суу каптап калган. Ошондуктан, сымап өндүрүүдө жер астындагы сууну тынымсыз сордуруп турууга мүмкүнчүлүк жок эле. Мындан тышкары 1967-жылы орнотулган тетиктердин эскилиги жеткендиктен, аны алмаштыруу дагы зарыл экен. Мына ушундай ири көлөмдөгү чыгымдардан улам көп инвесторлор комбинат менен иштешүүдөн баш тартып келишти. Ошого карабастан дал ушул чыгымдарга чыдап, комбинатты кайрадан толук кандуу ишке киргизүүгө белсенип жаткан Ата Мекендик “Северстайл” компаниясы менен кызматташуу боюнча келишимге акыры кол коюлган, – деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.

– Инвестордун чет элдик же ата мекендик экендиги дегеле маанилүү эмес, эң негизгиси комбинат иштеш керек! Анткени, бул комбинаттан Айдаркен шаарынын калкынын үмүтү абдан чоң. Ири ишкана канчалык узак убакытка иштебей турса, анын жоюлуп кетүү коркунучу жогоруламак. Ошондуктан, аймакта сымап өндүрүлүп, жергиликтүү калкка жумуш орундары дагы түзүлүп, жергиликтүү бюджетке ири көлөмдө салык түшүп турганы маанилүү эмеспи.

– Айдаркен сымап комбинаты толук кандуу иштесе, миңге чукул жумушчуга иш табылат. Мындан тышкары мамлекеттик бюджетке 100 миллиондогон сом салык төлөнөт. Аймакта дагы 40 жылга жетчү сымаптын кору бар. Ошондуктан, комбинаттын иштеп кетүүсүнө баарыбыз, айрыкча ишкананын жумушчулары абдан эле кызыкдар, – деди ишкананын директору Толубай Салиев.

Соңку маалыматка таянсак, Кыргызстандын сымабына ушул тапта Кытай, Турция, Орусия, Бразилия мамлекеттеринен суроо-талап дагыле күч.

Булак “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: