Menu

Адвокат: ФСБ Азимовду кыйноолор боюнча арыз жазуудан баш тартууга мажбурлаган

Бөлүшүү:

Федералдык коопсуздук кызматкерлери Санкт-Петербург метросундагы терактты уюштурду деп айыпталган Аброр Азимовду “жашыруун түрмөдөгү” кыйноолор боюнча арыз жазуудан баш тартууга мажбурлашкан. Адвокат Дмитрий Динзе билдиргендей, ФСБ өкүлдөрү Азимовду “аны жана туугандарын физикалык жактан жазалай тургандыктары” менен коркутушкан.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы быйыл апрелде болгон терактты уюштурду деп айыпталган Аброр Азимов Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын «жашыруун абагында» кыйноолорго кабылганын айткан. Ал тапта ага-ини Акрам жана Аброр Азимовдордун адвокаттары Дмитрий жана Ольга Динзе Орусиянын Башкы прокуратурасын ФСБнын «жашыруун абагы» тууралуу маалыматты текшерүүнү суранышты. Көзөмөл орган 26-июлда Тергөө комитетине арыз жөнөттү.

Санкт-Петербургдун метросунда 3-апрелде болгон жардыруудан 15 киши мерт кетип, жарадарлардын саны элүүгө жеткен. Бир да террордук уюм калаба үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган эмес.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, терактты Кыргызстанда туулган, Орусиянын жараны, 22 жаштагы жанкечти Акбаржон Жалилов уюштурган. Ал эми аны уюштурууга Акбар жана Аброр Азимовдордун катыштыгы бар деп камакка алынышкан. Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алышкан ага-инилер аларга коюлган айыптарды четке кагышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: