Өткөн ишемби күнү шаардын чекесиндеги «Супара» этно-комплексинен айтылуу хандар чыккан Сарыбагыш уруусунун көрүнүктүү өкүлдөрү уй мүйүз тарта чогулушуп, президенттикке өздүк кулун Канатбек Исаевди аттап-тондоп, чуркурай бата берип аттандырышты. Ага-туугандан бата алган чүйлүк лидер бүгүн 27-июлда «Кыргызстан» партиясындагы партиялаштарынын курултайынан да бата алаары күтүлүүдө. Баралына келип турган бу шумкар шайлоодо Сары Өзөндөн кыйла добушту жыра тартып, далайдын шайын оодарабы? Өзөктүү жигитти Чүйдөгү миңдеген тарапташтары шайлоодо уят кылышпаса керек. Анан калса, башка региондордо да Канат мырзанын кадыры жетиштүү. Кармаш кызуу нукта уланат го?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ