Menu

2017-жылдын аягына чейин 16 миңден ашык кыргыз жарандарын «кара тизмеден» чыгаруу пландалууда

Бөлүшүү:

2017-жылдын аягына чейин азыркы тапта Россия Федерациясынын аймагына кирүугө тыюу салынган 16 миңден ашык кыргыз жарандарын «кара тизмеден» чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев бүгүн, 27-июнда, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2017-жылдын I жарым жылдыгындагы аткарган иштери» тууралуу маалымат  жыйынында билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

«Эмгек мигранттарын маалыматтар менен камсыз кылуу жана аларга укуктук жактан жардам берүү максатында атайын маалымдама басылмага берилди. Мындан сырткары Эл аралык «Манас»  жана  «Ош» аэропортторунда атайын электордук терминалдар орнотулган, анын жардамы менен мигранттар керектүү маалыматтарды алса болот», — деди ал.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевдин айтымында, көпчүлүк биздин жарандар жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге даярдыгы жок чыгып алышат.

«Ар кандай көйгөйлөргө жо бербөө үчүн, сыртка чыга турган жарандарга маалыматтык борборго кайрылып керектүү маалыматтарды алууга чакырат элем», — деп баса белгиледи Медетбек Айдаралиев.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев ЕАЭБ мамлекеттериндеги мыйзамдарды так сактап эмгектенүү биздин жарандар үчүн тынч иштөөсүнө жана ал мамлекеттен департация болуп кетпөөсүнө жол ачарын кошумчалады.

«Өлкө мыйзамдарын так сактабагандыктан биздин көпчүлүк жарандар кара тизмеге түшүп калышкан. Эми алар бир нече жыл бою Россиянын аймагына кире алышпайт. Алардын саны 180 миңге жетти. 2016-жылы бул көрсөткүч 118 миңге жетти. 2017-жылы алардын саны кайра 106 миңге кыскарды. Алардын көпчүлүгү мыйзам бузуулардан улам тизмеге кирип калышкан», — деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: