Республика аймагында жүрүп жаткан «Кара-Куурай» аталыштагы операциясынын жүрүшүндө 27-июль күнү саат болжол менен 11:30 чамасында Жумгал районунун Куйручук айылындагы «Сапаралы» мал базарынын тушунан Жумгал РИИБнин Кызарт милициясынын аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери күн батыштан күн чыгышты карай келе жаткан Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну 32 жаштагы А.Б.нын башкаруусундагы ВАЗ-21063 үлгүсүндөгү автоунаасы токтотушкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Автоунааны кароо жүргүзгөндө күбөөлөрдүн катышуусунда автоунаанын салонунан жашыл-сары түстөгү полиэтилен пакетке салынган, өңү кочкул-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Электрондук таразага тарткан учурда салмагы 1 килограмм 335 граммды түзгөн. Ошол замат унаанын айдоочусун жанындагы жүргүнчүсү менен шектүү катары кармалышып, Жумгал РИИБне жеткирилип, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Аталган иш боюнча экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ