Menu

Сооронбай Жээнбеков: Жаңы окуу жылына чейин унаа жолдорду бойлой жайгашкан мектептердин жанына тиешелүү белгилерди тартуу башталат

Бөлүшүү:

“Балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жаңы окуу жылы башталгыча жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу жана тиешелүү белгилерин тартуу боюнча иштер башталат”, – деп билдирди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-июлда мектептердин жол инфраструктурасын оңдоо боюнча жумушчу жыйында билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

Өкмөт башчы белгилегендей, окуу жылы башталар менен окуучулардын саны өлкөнүн жолдорунда кескин көбөйөт. Ошондуктан азыртан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу маанилүү.

Сооронбай Жээнбеков буга чейин өлкөнүн жол жээгинде жайгашкан 537 мектебинин жанында жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу боюнча жумуштарды төрт этапта аткаруу тапшырмасын бергенин эскертти.

Биринчи этабында 2017-жылдын 20-августуна чейин 99 мектептин жол инфраструктурасын жакшыртуу пландаштырылууда. Бул жумуштарды толугу менен 2018-жылдын 1-январына чейин бүткөрүү керек.

Транспорт жана унаа жолдорунун министри Жамшитбек Калилов бул максатта Жол чарбачылыгы департаментинин титулдук тизмесинде 12 млн. 430 миң сом каралганын маалымдады. Ал кошумчалагандай, жөө жүргүнчүлөр белгилерин атайын термопластик менен тартышат. Мектептердин жол инфраструктурасын жакшыртуу жумуштарынын жүрүшү жөнүндө ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери Албек Ибраимов жана Айтмамат Кадырбаев дагы маалымат беришти.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга бардык пландалган иш-чараларды мурда белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ал күн мурун көчөлөрдө орнотулган атайын фото-видео жабдыктар аркылуу катталган жол эрежелерин бузгандардын административдик айып пулдарынан түшкөн каражаттын 50 пайызы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджеттерине которуу боюнча токтомго кол койгонун билдирди. Бул чара бүт өлкө боюнча фотовидео каттоо системасын киргизүүнү тездетет жана муну менен айдоочулардын тартибин жана жолдордогу коопсуздукту кыйла жогорулатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: