Menu

“Ата Мекендин” мүчөлөрү ачкачылык акциясын баштай турганын айтышты

Бөлүшүү:

Аталган партиянын өкүлү Калыс Боронбаев “Азаттык” радиосуна маалымдагандай, бүгүн ачкачылык акциясын 6-7 адамдан турган топ баштайт. Алардын арасында партия мүчөлөрү, камактагы депутат Өмүрбек Текебаевдин жакындары бар. Эртеңден тартып ачкачылык жарыялагандардын катары дагы көбөйүшү мүмкүн.

Муну менен Текебаевге президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө уруксат берүү талабы коюлат.

“Атамекенчилер” ачкачылык акциясы тууралуу 27-июлдагы басма сөз жыйында жарыялашкан.

26-июлда Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти териштирип жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутаттын президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн мамлекеттик тил сынагын тапшыруу өтүнүчүн четке каккан.

Буга байланыштуу “Ата Мекен” партиясынын юристтери анын сынак тапшыруусун камсыздоо талабы менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан. БШК болсо Текебаевге мамлекеттик тил боюнча сынакка катышуу үчүн сотко кайрылууну сунуштаган.

Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тил сынагын 26-июлдан тарта тапшыра баштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: