Menu

Таш-Көмүр шаарындагы автоунаа көпүрөсү бекемделүүдө

Бөлүшүү:

КР ӨКМнин 2017-жылга карата түзүлгөн “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш планы боюнча Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма аймактык башкармалыгынын түштүк тарабындагы автоунаа көпүрөнү бекемдөө жумуштары жүрүүдө. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма аймактык башкармалыгындагы жана Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы калктын жол каттамын жакшыртуу максатында башкармалыктын түштүк тарабындагы автоунаа көпүрөнүн кооптуу жерлерин бетондоп, бекемдөө үчүн КР ӨКМги тарабынан 7700 кг цемент, 469 кг арматура бөлүнүп берилген.

Жергиликтүү мэрия тарабынан ӨК үчүн каралган бюджеттин эсебинен 122 500 сом акча каражаты бөлүнүп, тендердин негизинде атайын жеке менчик фирмалар тарабынан  күнүнө 5-10 адам жумуш аткарышып жатышат.

КР ӨКМги жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин биргеликте аткарган жумуштарынын натыйжасында Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма аймактык башкармалыгындагы жана Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы калктын жол каттамы жакшырмакчы.  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: