АКШнын Коргоо министрлиги менен Мамлекеттик департаменти Украинага танкка каршы снаряддарды, зениттик комплекстерди жана башка курал-жарак түрлөрүн жеткирүү планын Ак үйдүн кароосуна жөнөттү.
Бул курал-жарак турлөрү чукул кырдаалдар маалында гана пайдаланууга арналган жана Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерде колдонулбайт. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Wall Street Journal гезити жазды.
Америкалык аскер адамдары менен дипломаттарынын билдиришинче, Украинага берүү сунушталып жаткан курал-жарак коргонууга гана багытталган жана Москва Донбасстагы жикчилдерге жеткирип жаткан заманбап куралдардын түрлөрүнө каршы турууга жөндөмдүү.
Гезитке администрациянын жогорку кызматтагы өкүлү билдиргендей, Украинага аскердик экспорт жасоо маселеси өткөн аптада Орусияга арналган жыйында талкууланган эмес. Айтымында, президент Трампка Пентагон менен Мамлекеттик департаменттин бул сунушу тууралуу маалымат бериле элек жана азырынча мамлекет башчынын бул боюнча позициясы дагы белгисиз.
Вашингтон менен Киевдеги кызмат адамдарынын айтымында, бул маселе боюнча Ак үйдүн акыркы чечим кабыл алышы үчүн бир нече ай талап кылынышы мүмкүн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ