Алмазбек Атамбаев “Бишкек” эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президнттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.
«Бишкек” эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-июнундагы №91 Мыйзамынын 1-статьянын 3 бөлүгү жана 2-статья күчүн жоготту деп табылды. Ошону менен “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” 2014-жылдын 11-январындагы №6 мыйзамына, КР Салык кодексине жана бажы чөйрөсүндүгү мыйзамдарга шайкеш келтирет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ