Жаш курак – бул болгону сандар. Бул жөнөкөй чындыкты дагы бир жолу Сингапурдан чыккан модель жана фотограф Чуандо Тан (ChuanDo Tan) далилдөөдө. Ал социалдык тармактардагы популярдуулукка дал ушул жаш курагы менен жетти. Анын сүрөттөрүн көргөн адам жакында эле 50 жашка чыкканына эч качан ишенбестиги анык.
Интернетте жакында эле өзүн камеранын ары жагынан сынап көрүүнү чечкен профессионал манекенщикти “жаңы Дориан грей” же “чыныгы Бенджамен Баттон” деп аташууда.
Чуандо Тан Daily Mailга берген интервьюсунда мынчалык укмуш көрүнүү үчүн ал эч кандай деле өзгөчо нерселерди жасабагандыгын айткан. Анын сөздөрүнө караганда, бул жерде сыр күнүмдүк машыгууларда жана эртең менен таң атпай жана күн кечте муздак душка түшүүнү көнүмүш адатка айлантууда катылган. Бирок генетика да бул жерде акыркы орунда эмес экендигин белгилей кетсек болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ