Жайыл районунда өзүн “милиция кызматкеримин” деп, тапанчасы менен коркутуп, жаш балдардан акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-январь күнү билдирди.
Маалыматтар боюнча, 23-январь күнү Кара-Балта шаарында такси менен жүргөн жигит эки жаш баланын көрүп калып, айдоочуга алардын жанынан токтотууну буйруган. Жүргүнчү балдарга өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, аларга өздүк кароо жүргүзүп баштаган. Тапанчасы менен коркутуп баланын телефонун тартып алып, алардан 15 миң сом талап кылган.
Өспүрүм балдарды таксиге отургузуп, айдоочуга шаардын четине алып баруусун айткан. Бул маалда таксинин айдоочусу бул тууралуу милицияга билдиргенге үлгүрүп калган.
Аталган факт КРнын жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Жайыл РИИББнин атайын кызматкерлери видоекамералар менен таксинин кайсы тарапка кеткенин аныктап, бир сааттан кийин Кара-Балтанын четинен “милиция кызматкерин” жеринен кармашкан.
Кармалган 36 жаштагы Ю.А. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ