Menu

Бахор көчөсү кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилкеге айланды

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийликтеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин кыргыз чек арачылары Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун Овчи Калача айлындагы 40 үй үчүн Бахор көчөсүн ачышты.

Овчи Калача айлындагы көчөдө эки өлкөнүн тең жарандары жашашат. Бахор көчөсүнүн жабылышы менен Тажикстандын 40тай атуулу район борборуна бара албай калышкан.

Овчи Калача районунун администрация төрагасы Эргашбой Жураев 31-июлда кыргыз чек арачылары айылга БТР менен келип, автожолдун бир бөлүгүн жабууга ниеттенишкенин билдирди. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин кыргыз тарап жолду бөгөө оюнан кайткан.

Лейлек районунун Максат айлынын айыл өкмөт башчысы Сафарали Одинаев талаштуу жер тилкесинин ээси Орусиядан келгенин, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик жер тилкесин ээсине кайтарууну көздөгөнүн айтты.

“Биздин жаран 30 сотка жерге ээлик кылат. Кыргыз бийлиги ага документ берген. Бирок ал мурун бул жерди колдонгон эмес, ошондон бери анын жарымын тажиктер ээлеп алышкан. Сүйлөшүү учурунда атайын адистерди чакырып, жер тилкеси кимге таандык экенин так аныктамай болдук”,-деди ал.

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу аймактарда маал-маалы менен жаңжал чыгып, киши өлүмүнө алып келген учурлар дагы катталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: