Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 2017-жылдын 2-август күнү саат 09:25 чамасында Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунун 40-чакырымында “Тойота-Ист” үлгүсүндөгү мамлекеттик № Е 00-90 S унаа менен “Хонда-Стрим” үлгүсундөгү мамлекеттик № В 99-51 АИ унаа кагылышып, натыйжада 1972-жылы туулган аял киши, 2005-жылы туулган кыз каза болгон жана 1 адам жабыркап райондук ооруканага жеткирилген. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
КР ӨКМнин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана КР ӨКМнин №32 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон адамдарды унаадан алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ