Menu

Койсун апче абдан туура кылат

Бөлүшүү:

Бир партиядан экинчи партияга секирип кетүү бүгүн жаңылык деле болбой калды. Муну айрыкча аз убакытта далай партиянын ашмалтайын чыгарган Каныбек Капашович ойда тастыктады. Акыры жүрүп аты даңазалуу партиянын чачпагын көтөрүүгө аргасыз болду. Негизи саясатка мурдун тыккан бизнесмендер бир партиянын этегине эрмешип оокат кылып калышты.

Эми сөздүн өзөгүнө келсек мындай. Таласты беш жыл башкарган Койсун Курманалиева деген апчебиз бар. Ал башында “Ата-Мекенден” калкып учуп чыгып, кыйла ирденген. Бирок, эки жыл мурдагы парламенттик шайлоодо аны менен партиянын лөктөрү эсептешпей таарынтып коюшкан. Азыр сонун жагдай түзүлдү. Аны колдон чыгарып жибергендей бул апчебиз саясатка жаңы келди беле? Кимден “атыр жыт” аңкыса ошол тараптын камчысын чабуу мезгилдин талабы эмеспи. Демек, Өмүрбек Бабановго ыктаган соң бир нерсени тигил кылтыйткан чыгар? Антпесе кыл жылбайт болчу ордунан. Койсун айым туура жолдо баратат. Текебаевден ага жылуулук тийиши күмөн. Күн тийген жердин күкүгү болуш ар кимдин эле колунан келе бербейт. Чакырган жерден калба деген принципти карманган Курманалиева келечекте кур калбастыр? Бабановдун доору сүрүп турганда бираз камчыланып койсун да? Ансыз деле өмүр билинбей өтүп жатпайбы?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: