Казакстандын Астана шаарында 21 -28-август күндөрү казактын көкпар, бизче көкбөрү оюну боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөнү турат. Жалпы жонунан 12 (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия, Россия, АКШ, Венгрия, Тажикстан, Кытай, Монголия жана Афганистан) командалар ат салышканы катталып, мелдеш өтүүчү жерге келишти. Машыгууну улактын кейпи сымал муляж менен өткөрүп, ар бир команданын даярдыгы күч болуп турган чагы. Дүйнөлүк чемпионаттын өтүү ырааты боюнча жадыбалы аныкталып, эки тайпага бөлүндү. Биздин улакчылар «А» тайпасынан орун алып; Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, АКШ, Тажикстан жана Монголия курамдарына туш болду. Ал эми «Б» тайпасында; Казакстан, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай жана Афганистан курамдары күч сынашат.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ