Menu

Кудайды карасаңыз боло, Кудайбердиев?

Бөлүшүү:

Айрым жетекчи, аткаминерлер эптеп эле күн санап, элге кызмат кылуу эмес, өз көмөчүнө күл тартуу менен алектенишет. Айталы, Өкмөттүн Чүй областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов көмүскө жүргөн жетекчи. Өз алдынча эл аралап иш кылганын көрө элекпиз. Биз тургай Чүйлүктөр мындай жетекчиси бар экенин угушкан чыгаар, бирок өңүнөн көрө электери анык. Бактыбек мырза качан өкмөт башчы Чүй аймагын кыдырганда гана шалпаңдап жанында ээрчип жүргөнү жүргөн. Башка учурда башын кумга тыккан «страус» бул жакта калат. Анан да «быйыл мынча түшүм алдык, биягыбыз мындай болду» – деп элдин эмгегинен жаралган ийгиликти өзүнө менчиктеп отчет берип койгон адаты бар. Бирок, элге барып, «Эмне болуп атасыңар, үрөнүңөр кантип атат, суу маселеңер чечилип атабы?» – деген эки ооз сөзү жок. Деги ушулар бизди жыргатабы?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: