Menu

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган 3 аскер кызматкери Бишкектеги Улуттук госпиталга которулду

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-майда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан ок жеген Чек ара кызматынын жоокери Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Алардын айтымы боюнча, анын абалы оор бирок туруктуу. Аскер кызматкери дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Белгиленгендей, ал Улуттук госпиталдын анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жатат. Калган эки жоокер хирургия бөлүмүндө жатышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, 8-майда Баткен облусунун Чек районунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарынын тургундарынын ортосунда Чек аймагындагы 50 сотых жер тилкесин пайдаланууга байланыштуу жаңжал чыккан. Аталган жер тилкеси такталбаган аймакка кирет, бирок иш жүзүндө кыргыз тарап тарабынан колдонулуп келген.

Кыргызстандын 30-40га чукул жарандары жана Тажикстандын 30-40 жакын жарандары бири-бирине таш ыргыта башташты. Окуя учурунда мергенчилик куралынан ок атылган. Жаңжалдын күчөп кетишине жол бербөө максатында, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары абага бир нече жолу эскертүү иретинде ок атышкан.

Эки тараптын элине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок, Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы күтүүсүздөн кыргыз чек арачылары тарапка миномёт аткан. Атышуу учурунда КР Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын үч кызматкери жаракат алышкан. Бир жергиликтүү тургун ооруканага түшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: