Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол-Савхоз айылында жол кырсыгы катталган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, “Митсубиси Галант” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 1959-жылы туулган эркек киши айдоочусу кырсык болгон жерде каза болгон. 2 адам жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.
КР ӨКМнин Ак-Суу райондук №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 4 куткаруучусу адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ