Menu

Тил боюнча сынактан ийгиликтүү өткөн 3 талапкерге сертификат тапшырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн 7-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн планын алайык талапкерлер  Бекназаров Азимбек Анаркулович,  Таласбаева Токтобүбү Тентиевна жана Токтосунова Дамира Маданбековна сынактан өтүштү. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Тестирлөөгө биринчи болуп саат 9:00дө кирген талапкер Бекназаров Азимбек Анаркулович сынактын жыйынтыгында 86,4 балл алды. Андан кийинки кезекте “Кыргызтест” борборуна тестирлөөдөн өтүү үчүн келген талапкер Таласбаева Токтобүбү Тентиевна 79,77 балл топтой алды. Ал эми соңку болуп тест тапшырган талапкер Токтосунова Дамира Маданбековна 73,65 баллга ээ болуу менен сынактан ийгиликтүү өттү деп табылды.

Күндүн жыйынтыгы менен сынакты ийгиликтүү тапшырган талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билээрин тастыктаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты тапшырылды.

Эскерте кетсек, эртең 8-августта алдыңкы күндөрү тесттен өтө турган талапкерлерди тесттен өтүүнүн жол-жоболору менен тааныштырып, машыгуу тестинен өткөнгө убакыт берилет.

Ошондой эле, машыгуу тестинен өтүүнү каалаган талапкерлер үчүн иш күндөрү саат 16:00-18:00 чейин “Кыргызтест” борборунда шарт түзүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: