Menu

“Кочкордо тартылган сүрөт чагым” дейт…

Бөлүшүү:

КСДПнын төрага орун басары Фарид Ниязов бийлик Нарындын Кочкор районунда президентгикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштерин баштап жатканы тууралуу маалыматты чагым деп атап, окуя иликтенип жатканын кошумчалады. Эске сала кетсек, 5-августта интернетке чыккан сүрөттөрдө ак халат кийген бир топ дарыгерлер “Сооронбай Жээнбеков” деген жазуунун алдында жыйын куруп жатканы чагылдырылган. Сүрөттөр 2-августта тартылганы, райондук оорукана башчысы Калиев менен акимдин орун басары Садыкова дарыгерлерге үгүт жүргүзүп жатышканы айтылган. Интернет колдонуучулар муну административдик ресурс катары баалап, талкууга түшкөн. Фарид Ниязов сүрөт автобекетте, баланы эмчек сүтү менен багууга арналган жумалыктын алкагындагы жыйында тартылганын белгилеп: «Жыйынды эмне үчүн ошол жерде өткөрүшкөнүн тактап жатабыз. Аким муну тактап жатат. Сүрөттөгү фонду – “Сооронбай Жээнбеков” деген жазууну атайын ошол ракурстан тартышкан. Ал жерде президент болом деген башка кишилердин штабдары, аты-жөндөрү жазылган жайлар да бар болчу. Аларды кошушкан эмес. Бул чагым иретинде тартылган сүрөт», – деп билдирди.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: