Бүгүн 8-августта тесттен өтө турган талапкерлерди тесттен өтүүнүн жол-жоболору менен тааныштыруу болуп өттү. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлерге “Кыргызтест” түзүмүнүн жетекчиси Батма Топоева-Ставинская тесттен өтүүнү жол-жоболору боюнча маанилүү маалымат берди. Соңунда талапкерлер өзүлөрүн кызыктырган суролоруна жооп алышты.
Учурда талапкерлер машыгуу тесттеринен өтүп жатышат. Машыгуу тесттеринен өтүүнү каалаган талапкерлер үчүн “Кыргызтест” борбору саат 17:00гө чейин иштейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ