Menu

Темир Сариев: “Фарид Ниязов жана Илмиянов күнүгө “Форумга” министрлерди, губернаторлорду, мэрлерди чакырып, Жээнбековго иштегенге мажбурлап жатат”

Бөлүшүү:

КР президенттигине талапкер Темир Сариев бүгүн өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратты:

“Азыркы мезгилде, мыйзамга ылайык президенттикке талапкерлердин толук кандуу каттоосу жүрүп жатат. Үгүттөө учуру дагы баштала элек, бирок ага карабастан, күнүгө “Форумга” иш убактысына карабай улам-улам ар түрлүү министрлерди, губернаторлорду, мэрлерди ж.б., жетекчилерди бийликчил партиянын талапкерине иштегенге ачык эле мажбурлап жатышат. Бул ишти Фарид Ниязов жана Икрам Илмиянов экөө алып барып жатышат. Бул “жумуш жыйындарында” өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өзү дагы маал-маалы менен катышып калып жатат.

Ушуга байланыштуу, мен Прокуратурага жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылат элем, мындай мыйзамды одоно бузулуп жаткан фактыларына алардын ыкчам түрдө көңүл буруусуна, жана мындан ары мындай нерселердин болушуна жол бербешине камсыз кылып берүүсүн талап кылам. Андан тышкары, Сооронбай Жээнбеков чукул арада ыйгарым укуктарын өткөрүп берсин, анткени ал өзүнүн өкмөт башчылык кызматтык абалын кеңири колдонуусун токтотуусу керек.

Мен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылат элем, – калыстык жана таза шайлоо үчүн баардык талапкерлерге бирдей шарттарды түзүүнү камсыз кылып берүүсү керек. Абакта отурган талапкерлердин дагы, алардын кыргыз тили боюнча тестирлөөгө катышууга толук укуктары бар, анткени алар сот тарабынан соттоло элек жарандар, алардын шайлаганга жана шайланганга толук конституциялык укуктары бар. Бирөөлөргө алар жакпаса дагы мыйзамдын алдында баары тең, бирдей болуш керек, ошондо кана эл адилеттүү тандоо кыла алат жана ачык шайлоо өтөт.”

Эсиңиздерге сала кетсек, “Форум”  – бул Алмаз Атамбаевдин жеке менчик офиси

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: