Бишкектин Октябрь райондук прокурору болуп келген Абдибакыт Халмурзаев Бишкек шаарынын прокурорлугуна дайындалды. Борбордун жаңы прокурору Баткен облусунун губернатору Абиш Халмурзаевдин бир тууган иниси. Бишкек шаарынын мурунку прокурору Кубанычбек Бейшекеев бир жылга жакын иштеп, кызматынан кеткен. Абдибакыт мырза, өз ишин мыкты билген прокурор. Бул тармактагы көйгөйлөрдү жакшы билет. Демек, камчы салдырбай татыктуу иштейт десек жарашат. Башкача айтканда, эл үмүтүн актайт деген ишенич чоң. Бул жолу Индира айым туура кадрды дайындады…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ