Menu

Дөөлөт Сыдыков, манасчы: “Сагынбай Орозбаковдун каякта, кантип жүргөнүн теле аркылуу көрсөтөбүз”

Бөлүшүү:

-Дөөлөт мырза, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат?

-Азыркытапта КТРКнын демилгеси менен улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган “Сагынбайдан сан миң caп” аттуу телекөрсөтүүгө иштеп жатабыз, буюрса күздө элге тартууланат.

-Программанын мазмуну кандай, элдер эфирден эмнени көрүп биле алышат?

-Сагымбай атабыздын бардык өмүрү, чыгармачылыгы менен таанышат. Кайсы жерде төрөлүп, каяктарда жашаган, “Манасты” кантип айтып калганы, акындыгы ж.б.

-Акыркы кездери сиз манасчылыктан дагы теле тармагына басым жасап, алпаруучулук иште көп иштеп жатканыңыз байкалууда, манасчылыкка булар тоскоол болбойбу?

-Мен кайда болбоюн “Манас” деп, кыргызга кызмат кылган кишимин. Тескерисинче бири менен бирин шайкеш алып кетиш керек, бул дагы “Манаска” кызмат кылуунун бир жолу.

-Айтыш өнөрүнө аралашкан акын жаштар чыгып жатат, “Манас” өнөрүнө аралашкан, тубаса манасчы жаштар чыгып жатабы, сиз билесиз да…

-Жаңы чыгып келе жаткан жаштар бар, эл болгондон кийин чыга берет эмеспи. Манастын жүгү
оор. Ага чыдаган киши чыдайт. Баарын убакыт көрсөтөт, кимиси улуу дүйнөнү алып кете алат? Болбосо көп балдар аракет кылып эле, чыдай албай калат. Бул дүйнөгө таза кирүү керек.

-Саякбай манасчы фондунун жетекчиси Саматбек Ибраев манасчыларды, манасчылыкты жакшы колдоп жатты эле, учурда мамлекеттик кызматта иштеп жатат, манасчылыктан, манасчылык өнөрдү колдоодон кол үзгөн жокпу?

-Жок, кол үзбөй эле, көп жакшы иштерди кылып жатат. Өзгөчө кино жаатына басым жасоодо.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: