Menu

Спортчуларыбыздын бири алтын алса, экинчиси күмүш медал тагынды

Бөлүшүү:

Кыргызстандык балбандар ушул тапта Финляндиянын Тампер шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатына катышууда. 18 жаштагы спортчу Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында 67 кг салмактагы категорияда мелдешке чыкты. Финалга чыгууда россиялык спортчу Кристина Шумова менен кезигип, 10 упай топтоп, алтын байге үчүн кармашка чыккан. Мында Японияда келген спортчу Ясухой Мацуюкини жеңип, алтын медаль тагынды. Айпери Медет кызы өткөн жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында 72 кг салмактагы категорияда вице-чемпион болгон эле. Ал эми жаңыдан күчкө толуп, акыркы убактарда алдына киши салдырбай келе жаткан жаш балбан Акжол Махмудов америкалык, андан соң индиялык балбан менен күч сынашып, атаандаштарын көтөрүп уруп күмүш медаль тагынды.
Кыргыздын желегин көккө желбиреткен дагы бир балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова болсо жакында эле Бүткүл дүйнөлүк күрөш бирикмеси (United World Wrestling) версиясы боюнча дүйнөдөгү күчтүү балбандардын кезектеги рейтингин жарыялап, анда дүйнөдөгү эң күчтүү айымдардын катарына Айсулууну да кошкону маалым. Тагыраак айтканда Айсулуу Тыныбекова аталган рейтингде үчүнчү орунду ээлеген. Мындай жыйынтык спортчунун Перу жана Европа, Польша жана Латвияда өткөрүлгөн эл аралык мелдештердеги жеңиштеринин негизинде чыгарылган. Ал эми рейтингдин caп башында төрт жолку олимпиада чемпиону япониялык Каори Ичо турат. Экинчи орунда Африка чемпиону тунисттик Марва Амри жайгашкан. Мындай сыймыктуу жетишкендик биринчиден Айсулуу үчүн болсо, экинчиден жалпы кыргыз эли үчүн чоң сыймык десек аша чапкандык болбос. Сөзүбүздүн акырында балбандарыбызга ден соолук жана күч-кубат кааламакчыбыз. Эске сала кетчү жагдай, жогоруда атаган эки балбан кыздын тең машыктуруучусу Нурбек Изабеков экенин да кошумчалай кетмекчибиз. “Саяпкери жарашса, күлүктүн деми суубайт” дегендей, машыктыруучу жакшы болсо, балбандар дагы күчкө толуп, ийгиликке жетээри белгилүү эмеспи…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: