Menu

ЖИПте чалкалаган май курсактуу башка чиновниктер да Асрандиев сыяктуу спорт менен достошсо жакшы болмок

Бөлүшүү:

Кыргыз чиновниктеринин өзүнүн кызматтык милдетинен тышкары кандай өнөрү бар экендигин көпчүлүк учурда биле бербейбиз.

Өзгөчө спорт менен машыгабы, үй чарбасы менен алектенеби жана ырдап, бийлегени тууралуу. Мисалы, жакында Түркмөнстандын президенти Г.Бердумухамедов баардык чиновниктерди   жыйнап алып, аларга өзүнүн кандай машыккандыгын көрсөтүп, спорт менен алектенүүгө милдеттендиргени кызуу талкуу жаратты.

Анткен менен бул жумада мурда “Айыл-Банк” ААКны башкарып, учурда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрага орун басарлыгын аркалап келаткан Эркин Асрандиевдин сууда мыкты сүзө тургандыгына күбө болдук. Ал Ысык-Көлдү Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп өткөн. Аталган айылдардын ортосу 15,1 чакырымга жетет, аны Э.Асрандиев 5 саат 24 мүнөттө сүзүп өткөн. Фонддун баракчасына жарыяланган маалыматка ылайык, Асрандиев иш үнүнүн тыгыз экенине карабай машыгууга убакыт тапкан. Сууда сүзүү, теннис ойноо жана спорттун башка түрлөрү адамдын ден-соолугун гана чыңдабастан, өмүрүн да узартып, жүрөк илдети  сыяктуу илдеттерден арылтат эмеспи. Ошондуктан жумшак креслону кучактап отуруп, жалаң ЖИПте чалкалаган май курсактуу башка чиновниктер да спорт менен достошсо, эң оболу өздүрүнүн ден соолугуна пайдалуу болмок. Борбор калааны 2020-жылга чейин өнүктүрүү боюнча долбоор иштелип чыгып, анын жарымын ишке ашырууга акча табылды.

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: