Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков “Argument.kg” жана gezitter.org сайттарына нааразы болуп, БШКга арыз жазды.
“Argument.kg” сайты саясатчынын тил комиссиясынын мүчөлөрүнө акча бергени тууралуу макала жарыяласа, gezitter.org аны которуп, сайтына жайгаштырган.
Андан тышкары Chagylgan.kg сайтына да нааразычылык билдирген. Анда жарыяланган макалада Бабановдун шайлоо фондун айрым мамлекеттерде, мисалы “Түркияда террористтик уюм болуп эсептелинген уюм каржылап атат” деп жазылган.
Эрик Ирискулбеков жалган маалыматтарды тараткан маалымат сайттарына чара көрүүнү БШКдан өтүндү.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ