Menu

Видео – Адахан Мадумаров: “Жогорку соттун чечимин БШК аткарбай койгону бул мамлекет жок болду дегендик, бүт дүйнөгө шылдың болдук”

Бөлүшүү:

КР президенттигине талапкер Адахан Мадумаров кечээ, 10-августта БШК абактагы талапкер Текебаевдин кыргыз тилинен тест тапшыруу укугун камсыз кылуудан баш тарткан чечимин комментарийлеп: “Жогорку соттун чечимин БШК аткарбай койгону бул мамлекет жок болду дегендик, биз бүт дүйнөгө шылдың, маскара болдук. Бул деген Кыргызстанда Жогорку сот жок, Конституция иштебейт, мыйзамдар иштебейт дегендик” деди.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 10-августта БШК абакта жаткан президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен сынак тапшыруу укугун камсыз боюнча маселени карады.

Буга чейин Бишкектин райондор аралык соту жана КР Жогорку соту: БШК талапкер Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен сынак тапшыруу укугун камсыз кылсын” деп соттук чечим чыгарган.

Бирок, кечээ БШК КР Жогорку сотунун чечимин аткарган жок жана талапкер Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен сынак тапшыруу укугун камсыз кылуудан баш тарткан өз чечимин чыгарды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: Сентябрь

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: