Бүгүн, 11-августта эртең мененки саат 8:40да Тамчы айылында Швейцариядан келген турист каза болду. Бул туурасында Ысык-Көл областын ИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Басма сөз катчы Сталбек Усубакуновдун айтымында 9-августтан тарта Швейцариянын жараны өзүнүн кыргызстандык аялы менен Тамчы айылындагы “Агат” пансионатында эс алып жаткан. Окуя болгон жердеги күбөлөрдүн айтымында каза болгон адам сууга түшүп чыгып эле, өзүн жаман сезе баштаган да кулап калган. Анын аялы болсо, жолдошу кан басымына каршы дарыларды ичип жүргөнүн, бирок бүгүн пляжга аларды албай келишкенин айткан.
Учурда өлүмдүн себептери такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ