Menu

Бишкектеги «Аль-Мунара» Ислам борборун оңдоп-түзөөгө 2,5 млн сом сарпталды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Кѳк-Жар конушундагы эң кооз мечиттерин катарына кирген «Аль-Мунара» Ислам борборунун алдындагы 3000 м² жерге демөөрчүлөрдүн колдоосу менен асфальт төшөлүп,  жарыктар орнотулуп, унаа токтоочу жайлар чийилип, арыктар калыбына келтирилди.  «Аль-Мунара» Ислам борборунун алдын оңдоп-түзөө ишине жалпысы болуп 2 500 000 сомдук акча каражаты сарпталган. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдады.

«Буга чейин «Аль-Мунара» Ислам борборунун алдыңкы тарабы боз топурак болуп чаңдап келсе, жаан-чачын болгондо жарандар үчүн абдан чоң ыңгайсыздыктарды жаратып келген эле. Эми минтип демөөрчүлөрдүн колдоосу менен асфальт төшөлүп, жарыктар орнотулуп, мекендештерибиз үчүн абдан ыңгайлуу шарттар түзүлдү»,-деди борбордун имам хатиби Нуркамал каары Мизираимов.

Ал эми «Аль-Мунара» Ислам борборунун алдын асфальтоо үчүн 1 800 000 сом акча каражаты сарпталса, жарыктарды орнотууга  200 000 сом жумшалып, оңдоп, калыбына келитрүү иштери менен кошкондо жалпысы болуп 2 500 000 сомдук акча каражаты чыгымдалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: