Menu

Видео – Сот Айбек Эрнис уулу Роза Отунбаевага: “Роза Исаковна, залдан чыгып кетиңиз!”

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан Текебаев/Чотонов процессинде судья Айбек Эрнис уулу  “сот процессин кечки саат 18.00дөн кийин да уланып, түнкү саат 22.00гө чейин иштейбиз” деп жарыялады. Буга айыпталуучулардын адвокаттары “КРнын Эмгек кодексин, мыйзамды одоно бузуп жатасыз” деп судьяга каршы чыгышты. Бирок сот айтканынан кайтпай туруп алды. Анан залда олтурган экс-төңкөрүшчү Роза Отунбаева менен соттун кайым айтышы башталды.

 Роза Отунбаева: Эмне үчүн мынча көгөрөсүз? Эмне 1937-жыл келдиби? Эмне деген режим азыр? Бул эмне,  бизге Ежовдун заманындагы сот келдиби? Эмне, сиздин өзүңүздүн нормаларыңыз барбы? Сизди Сегизбаев менен Жолдубаева башкарып калдыбы? деп кыйкырды.

Айбек Эрнис уулу : Залдан чыгып кетиңиз!, деп буйруду ага жооп кылып сот .

Роза Отунбаева: Чыгам! Каалаганда чыгып кетем! Бул эмне деген шумдук? Өлкөдө кандай Ежовчулук гүлдөп баратат?

Адвокаттар: Роза Отунбаева экс-президент катары кол тийбестик ыйгарым укугу бар, сиз соттон чыгара албайсыз, дешти Айбек Эрнис уулуна.

Айбек Эрнис уулу: Кол тийбестик укугу кылмыш иштерине байланыштуу иштейт, мен административдик чара көрүп жатам! Чыгып кетиңиз!

Роза Отунбаева: Мага каршы административдик чара көрөт имиш…

Айбек Эрнис уулу: Ооба, административдик чара көрүп жатам, залдан чыгып кетиңиз!

Роза Отунбаева: (сүйлөнүп жатты)

Айбек Эрнис уулу: Роза Исаковна, залдан чыгып кетиңиз!

Роза Отунбаева: Бул жердеги элди кыйнаба!

Айбек Эрнис уулу: Мен элди кыйнаган жокмун. Сиз залдан чыгып кетиңиз!

Роза Отунбаева: Мобу элдин баарын эзип олтурасын! Солдаттарды эзип олтурасын. Эки-үч күн кеч бүтсө эмне болот?

Айбек Эрнис уулу: Роза Исакова чыгып кетиңиз!

Роза Отунбаева: Улам сыртка чыгып кетесин да, телефондон буйрук алып алып кайра келесин…

Айбек Эрнис уулу: Залдан чыгып кетиңиз!

Кайым айтышуу бир топко уланып, андан ары сотко Айыкатчы Кубат Оторбаев суроо берип, сот аны кагып салып, адвокаттар менен айтыша кетти.

https://www.youtube.com/watch?v=-ESg6lbQW8w

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видеотасманы Ютубга жүктөгөн: k.a

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: